Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Түптүн Тасма айылында 16 млн сомго маданият үйү курулуп жатат

Turmush -  Түптөгү Карасаев айыл өкмөтүнүн Тасма айылында 200 орундуу маданият үйүнүн пайдубалына капсула салынды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыковдун айтымында, имараттын курулушуна 16 млн сом бөлүнгөн.

«Маданият үйү Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондусунан каржыланып жатат. 200 орундуу зал, ийримдер, заманбап китепкана жайгаша турган маданият үйүнүн долбоордук баасы 16 млн сом. Биздин айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан Токтоян айылында маданият үйү бар. Эки кабат мектептин курулушу акырындан болсо да курулуп жатат. Чоң-Тогузбай айылында заңгыраган спорт зал былтыр пайдаланууга берилген», - деди К.Кайыков.

Маалым болгондой, маданият үйүнүн пайдубалына капсула салуу иш-чарасына райондун акими С.Исмаилов, Жогорку Кеңештин депутаты Д.Аттокуров, коомдук ишмер Ж.Каниметов, айыл аксакалдары А.Дүйшебаев, К.Молдобаев, Карасаев айылдык кеңешинин депутаттары, мугалимдер жана айылдын тургундары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 321
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×