Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Нарын

Тубаса кулак оорусунан жабыркаган А.Исагалиевге 100 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Кочкор районундагы Теңдик айылынын тургуну Нурбек Муканбеталиевдин уулу Айас Исагалиев тубаса кулак оорусу менен жабыркап келет. Ага Жогорку Кеңештин фондусунан 100 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, аталган каражатты Нурбек Муканбеталиевге Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кочкорго иш сапар менен келген учурда тапшырды.
Айастын ата-энеси каражаттын тартыштыгынан балдарынын саламаттыгы үчүн күрөшүү оор болуп келгенин белгилеп, төрагага көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиришти.

«Босогобузду аттап, неберемден кабар алганыңыз эле бизге чоң дем-күч болду. Үмүтүбүзгө үмүт коштуңуз, буюрса неберем аман-эсен айыгарына ишенем», - деди Айас Исагалиевдин чоң энеси Батма Чикиленова.

Кыргызстанда бул ооруну дарылоого мүмкүн эмес болгондуктан, 3 жаштагы Айас чет жактан дарыланмай болгон. Бирок ага 45 миң доллар акча каражаты талап кылынууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 717
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×