Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик Ү.Хусанов самса жасап сатып, айына 50 миң сомдон табат (фото)

Turmush -  Баткендин 34 жаштагы тургуну Үсөн Хусанов 18 жылдан бери самса жасап иштейт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Суу районунун Нурдар айылында чоңойгон. Мурда Бишкек, Ош, Жалал-Абад аймактарында да самсачы болуп иштеп жүргөн. 2005-жылдан бери Баткен шаарындагы кафелердин биринде иштеп жатат.

«1999-жылдан бери самса жасайм. Самса жасоонун ыкмаларын Оштогу самсачы адамдардан үйрөнгөм. 18 жыл аралыгында көп жерлерде иштеп жүрдүм. Баткен шаарына самсакана ачтым. Андан түшкөн кирешеме үйлөндүм, үй курдум», - деди ал.

Ү.Хусанов 2005-жылы Баткен шаарына иштегени келип, бул жактан өмүрлүк жубайы — тажик кызы Рухсораны жолуктурган. Самса жасап тапкан 1 айлык кирешеси орто эсеп менен 50 миң сомдон ашат. Күн сайын 150-250 самса жасоого жетишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2218
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×