Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Фото - Кыргызстандык делегация Сочиге барды

Turmush -  Өкмөт башчы Сапар Исаковбүгүн, 11-октябрда Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россиянын Сочи шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, жыйындын жүрүшүндө КМШ жана ЕАЭБдин алкагында мамлекеттер аралык кызматташтык маселелери талкууланат. «Сочи» эл аралык аэропортунда өкмөт башчыны Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев тосуп алды.

Расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, КМШ уставдык органдарынын алдындагы КРнын туруктуу өкүлү Кубанычбек Өмүралиев, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев, экономика министри Артем Новиков, премьер-министрдин кеңешчиси Талант Султанов жана Өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 960
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 7 адам окуп жатат)
×