Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Караколдо кызынын тоюна чакырылбаганына таарынган киши мурунку аялын бычактап өлтүрдү

Turmush -  Каракол шаарында мурунку аялын мыкаачылык менен өлтүрүп, денесин чарбакка ыргытып жиберүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Turmush басылмасына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар маалымдашты.

Маалыматка караганда, окуя ушул жылдын 1-октябрында болгон. Ак-Суу районунун Жоголот айылынын тургуну мурунку аялын өлтүрүп, денесин ашкана бычагы менен кескилеген. Мурунку аялы 47 жашта болчу жана алар 22 жыл мурун ажырашып кетишкен. Ал убакта кызы 1 жашта болчу. Кийин аял Россияга иштөө үчүн кеткен. Ал эми кызын таенеси менен таятасы тарбиялап жаткан.

Маалыматта анын кызы жакында эле турмушка чыкканы айтылат. Кызын турмушка узатуу үчүн апасы Россиядан келип, кудаларына эшик-төрүн көргөзүү жөрөлгөсүн өткөргөн. Андан кийин белгисиз себептер менен мурдагы күйөөсү менен байланышкан. Кылмышка шектүү ал тойго күбө болушу керектигин айтып, кешик ооз тийгизүүнү талап кылган. Аялы мурунку күйөөсүнүн үйүнө келип, 2 күнгө жакын убакыт ал жерде болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, үчүнчү күнү ал мурунку аялын өлтүрүп, анын денесин өзүнүн чарбагына таштаган.

Айрым маалыматтарга караганда, шектүү спирт ичимдиктерин ичип, наркотикалык каражаттарды колдонгон. Ошондой эле, маалыматта ал бир нече ирет мушташтарга катышканы айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 864
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×