Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Нарын

Кочкордогу жетекчиси жок гезиттин кызматкерлерине эмгек акы берилбей жатат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор райондук гезитинин жетекчиси дайындалбай, кызматкерлер эмгек акы ала албай убара. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына эмгек жамааттан билдиришти.

Маалым болгондой, 11-сентябрда райондук гезиттин башкы редактору өз каалоосу менен кызматынан кеткен. Анын ордуна Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан гезиттин кабарчысы, Кыргызстандын Журналисттер союзунун мүчөсү Майрамбек Деркенбаев сунушталган. Ал эми, Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти М.Деркенбаевдин кесиптик билими экономист болгондуктан башкы редакторлук кызмат ордуна дал келбейт деп билдирген.

Ал эми, райондук бийлик жана гезиттин эмгек жамааты Майрамбек Деркенбаевдин билими экономист болгону менен азыркы учурда Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинин 3-курсунда окуп жатканын, өзү көп жылдан бери чыгармачылык менен алектенерин айтышууда. Ошондой эле, ал гезитте көп жылдан бери иштегендиктен редакциянын ички жана тышкы ишин жакшы түшүнөрүн белгилеп, кайрадан Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментине кат жолдошкон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 957
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×