Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Баткен

Жубайлар: Баткендик Ж.Маматов атасы тапкан кызга үйлөнүп, бактылуу жашап жатат (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын 53 жаштагы тургуну Жумабай Маматов атасы таап берген кызга баш кошуп, бактылуу жашап жатат. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Анын айтымында, экөө 1989-жылы үйлөнүшкөн. Жубайынын сабырдуулугун, түшүнүктүүлүгүн баалайт.

«Мен бойдок кезимде кыздарга сүйлөгөндөн да тартынып, бир да кызга сүйүүмдү арнап, «үйлөнөм» деп айткан эмесмин. Бой жетип, үйлөнүү мезгили келгенде атам көз салып жүргөн кызы бар экенин айтып, «ошол кызга үйлөнтөм» деп калды. Мен да атамдын айтканына макул болуп, жубайым Ырысбүбү менен жакындан таанышып, бири-бирибизди жактырып баш кошконбуз», - деди ал.

Ал эми, жубайы Ырысбүбү Сайназарова 20 жашында турмушка чыккандыгын кошумчалады. Үй-бүлөсүндө эң кичүү кыз болуп эрке өскөндүктөн жаңы келин болуп барганда үй иштеринен кыйналган. Жолдошу инспектор, эсепчи, өзү мугалим болуп иштечү.

«Мен өтө эле эрке өскөм. Колумдан жакшы иш келбейт эле. «Турмушка даяр эмесмин» деп жүргөн кезимде баш кошуп калганбыз. Кайын энем түшүнүп, нан бышырганды да, тамак жасаганды да үйрөттү», - деди ал.

Жолдошу анын кесме, манты сыяктуу камыр тамактарын жакшы көрөт.

Жубайлар 3 кыз, 1 уулдун ата-энеси болуп, бардыгын жогорку билимдүү кылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 728
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×