Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Нарын

Жумгалдын аймагында уюлдук жана интернет байланыштары иштебей жатат, - тургундар

Turmush -  Жумгал районунун аймагында уюлдук жана интернет байланыштары 3-4 күндөн бери жакшы иштебей, элди убара кылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

«Райондун аймагына тартылып келген 4G интернети жакшы иштебей жатат. Ошондой эле, 3 уюлдук операторлордун байланыштары жакшы болбой убара болуудабыз», - деди тургундар.

Бул маселе боюнча уюлдук операторлордун кызматкерлери толук маалымат бере алышкан жок. Бирок элден кайрылуулар болуп жатканын белгилешти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1618
Көп окулду
×