Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 11.10.2017 12:47

Куран окуу боюнча дүйнөлүк жарышка кыргызстандык 2 жигит катышат

Turmush -  Сауд Арабиянын Мекке шаарында өтүп жаткан Куран окуу боюнча бүткүл дүйнөлүк жарышка кыргызстандык 2 жигит катышат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалымат караганда, катышуучулардын бири баткендик Акылбек уулу Өмүрбек Баткен районунун Кара-Бак айылындагы медреседе окуйт. Экинчи катышуучу Усмон Зарипов Кыргызстан Ислам университетинин 2-курсунун студенти.

«Куран окуу боюнча дүйнөлүк жарыш Сауд Арабия падышачылыгы тарабынан жыл сайын өткөрүлөт. Кыргызстандын намысын коргогон студенттерибиз алдыңкы орундарды ээлеп келет», - деп айтылат маалыматта.

Акылбек уулу Өмүрбек менен Усмон Зарипов буга чейин Куран окуу боюнча облустук, республикалык жарыштарда алдыңкы орундарды ээлеп келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×