Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Таластык Н.Жоробеков 11 жылдан бери армрестлинг боюнча машыктыруучу болуп иштейт (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 41 жаштагы тургуну Нурлан Жоробеков 11 жылдан бери армрестлинг боюнча машыктыруучу болуп иштейт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, көздөгөн максатка жетүү үчүн аракет жана ишеним керек.

«Өзүм 7 жашымдан бери күрөшүп келем. 17 жыл ичинде өзүмдү кыргыз күрөшү, татар күрөшү, казак күрөшү, эркин күрөш, дзюдо боюнча сынап көрдүм. Таластан биринчилерден болуп бодибилдинг менен машыккам. Бодибилдинг боюнча окуучуларым дагы көп ийгиликтерди жаратты.

Бир машыктыруучу менен мелдеше кетип, «мен спорттун жаңы түрү менен машыгып, окуучуларды чыгарам» дедим. 1995-жылы армрестлинг федерациясы ачылган. Аскерде жүргөндө армрестлинг боюнча чемпион болгом. Федерацияга 11 жыл мурун Таластан мүчө катары жазылдым. Кол күрөшүүгө эч бир шартыбыз жок. Биринчи эле окшоштуруп стол жасадым. Ар бир айылды кыдырып, өзүмө окуучуларды таптым. Майрамдарда спорт комитетине «мага бир аз тыйын бөлүп бергиле, программага бул спортту да киргизели» десем күлүшчү. Кызыккан балдар көп болуп, акырындап армрестлинг кеңири жайылды.

Кол күрөштүн техникасын тажрыйбанын негизинде үйрөндүм. Ар бир залды кыдырып, алардын ыкмасын көрүп, барынан пайдалуу ыкмаларды алдым. Кайра окуучуларыма үйрөтүп, команда менен машыктырдым. Башында 7 дубандын оюндарында жеңилүүлөр болуп турду. Бирок акыркы 6 жылдан бери кубок биздики болууда. Бардыгы барып эле каражатка такалат. Демөөрчүлөрдүн аздыгынан көп оюндардан калып калабыз. Андай болсо да арабыздан Азиянын 3 чемпиону, Азиянын 16 призеру чыкты. Акыркы Азия оюндарында 2 күмүш, 4 коло медаль менен кайттык», - деди ал.

Спортчу-машыктыруучу 2 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 528
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×