Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Эрежесиз мушташтын 5 жолку чемпиону Азатбек 6 жылдан бери спортчуларды акысыз машыктырат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районундагы Панфилов айылынын 22 жаштагы тургуну Азатбек Анарбай уулу 10 жылдан ашуун убакыттан бери кикбоксинг, бокс, тай бокс жана эрежесиз эр мушташ менен машыгып келет. Ал кѳптѳгѳн ийгиликтерге жетишип, 6 жылдан бери шакирттерин тарбиялоодо. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«6 жылдан бери Панфилов айылында спортчуларды машыктырып келем. Алардан акы албай бекер машыктырам. Окуучуларымдын арасынан чемпион болгондор кѳп», - деди ал.

Азатбек 2000-жылы Панфилов айылында жайгашкан К.Тилебалиев атындагы мектеп-интернатына барып, аны 2013-жылы аяктаган.

«Ошол эле жылы Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетке барып, аны быйыл ийгиликтүү бүтүрдүм. Өзүм спорттун кикбоксинг, бокс, тайс бокс жана эрежесиз эр мушташ түрү менен 10 жылдан бери машыгып келем.

ММА Панкратион боюнча Кыргызстандын 5 жолку чемпиону, тай жана бирма боксу боюнча Кыргызстандын 3 жолку чемпиону, ошондой эле кол менен кармашуу боюнча Кыргызстандын, Азиянын, Евразиянын чемпиону болдум. 2015-жылы Казакстанда өткөн эрежесиз эр мушташ боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү, КМШ өлкөлөрүнүн арасында ѳткѳн вале-тудо боюнча мелдештин жеңүүчүсү, 2013-жылы Москва шаарында ѳткѳн бирма боксу боюнча Евразиянын чемпиону, 2017-жылы ММА Панкратион боюнча Кыргызстандын чемпиону болуп, Азиянын күмүш медалы, ушул эле спорт менен Астанада ѳткѳн мелдеште коло медаль менен сыйлангам», - деди ал.

Анарбай уулу Азатбек 1995-жылы 21-февралда Ош облусунун Ноокат районундагы Темир-Корук айылында тѳрѳлгѳн. Үй-бүлѳдѳ 6 бир туугандын эң кичүүсү.

«Жашоодо эң кубанычтуу кѳз ирмемдерим — мелдештерден ийгиликтүү келгеним, менин жеңишим менен ата-энемдин сүйүнгѳнү. Ал эми ѳкүнгѳнүм — кѳп мелдештерге каражатым жок бара албай калдым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 673
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×