Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Баткен

Фото - Кадамжайдагы унаа кырсыктан комага түшкөн 4 жаштагы бала эсине келди

Turmush -  9-октябрда Кадамжай районунун Шады айылындагы унаа кырсыктан жаракат алган 4 жаштагы бала бүгүн, 11-октябрда эсине келди. Бул тууралуу Кадамжай аймактык ооруканасынын сыныктар бөлүмүнүн башчысы Заирбек Шералиев билдирди.

Анын айтымында, кырсык 9-октябрда саат 16:00 чамасында катталган. «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү 2 унаа кагышып, кырсыктан өспүрүм 2 кыз жана 4 жаштагы З.Абдыллах жаракат алып, ооруканага түшкөн.

«Халмион айыл аймагынын 1999-жылы туулган тургуну Т. кызы М. баш мээси чайкалып, оор абалда келген эле. Учурда абалы турукташууда. 2000-жылы туулган Т.Ю. атуу кыздын баш мээси чайкалып, көкүрөк сөөгү эзилген абалда келип, дарыгерлердин жакшы көзөмөлүнөн кийин үйүнө чыгарылды. Ошол эле кырсыктан оор жаракат алган Халмион айыл аймагынын 4 жаштагы тургуну З.Абдыллах мээси чайкалып, ички органдарынан кан аккан абалда келип түшкөн. Ага 1,5 сааттык операция жасалып, комадан кийин бүгүн көзүн ачып, абалы турукташууда.

Мындай кырсыктар күн сайын катталып, бейтаптарга дарыгерлердин чоң эмгеги сарпталат. Бүгүн жаш баланын көзүн ачканы биздин өзгөчө сүйүнүчүбүзгө түрткү болду. Ал баланын абалы оор болуп, ар кандай божомолдор болуп жаткан», - деди дарыгер.

Алдын ала маалыматтарга караганда, унааларды айдаган айдоочулар жаракат алышкан эмес.

З.Абдыллах

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1679
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×