Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Таластык 21 жаштагы Б.Каныбеков 18 жашында классташтарына мугалим болуп сабак берген (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 21 жаштагы тургуну Бекзат Каныбеков мугалимдик кесипти аркалап, ийгиликтерге жетишүүдө. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Анын айтымында, өзү 3 эмдин кичүүсү. Эгиз эжелери Айзат, Гүлзат Каныбековалар турмушка чыгышкан.

«Биз үчөөбүз тең мектепти 9-класска чейин окудук. Андан соң Кыргыз улуттук университетинин педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун кыргыз тили, адабияты бөлүмүндө окуп, 2015-жылы аяктадым. Аяктаган соң Бишкек шаарындагы №46 орто мектепке кыргыз тилчи мугалим болдум. Ал жакта 1 жыл иштеп, №86 мектепке которулдум. Учурда Райкан Шүкүрбеков атындагы №38 мектеп-гимназиясында кыргыз тилчи мугалим болуп иштейм жана ораторлук чеберчилик боюнча ийримде сабак берем. 5-б класс менен 5-г класска жетекчимин. Өзүм Кыргыз улуттук университетинде 4-курста окуйм», - деди ал.

Жаш мугалим буга катар бир катар сынактарда ийгилик жараткандыгын кошумчалады.

«2015-2016-жылдары «Мугалим — илимий педагог» журналы тарабынан уюшулган «Мугалим коомдун үлгүсү» сынагына эң кичүү мугалим болуп катыштым. Анда 19 жашта элем. Бардыгы менден улуу, 48 жашка чейинки мугалимдер болгон. Ал кароо-сынактан 2-орунду алгам. Андан кийин «Жыл мугалими» сынагына катышып, 1-Май районунан 1-орунду алгам.

Мугалимдик күндөрдө кызыктуу окуялар күн сайын болуп турат. 2-курста 18 жашымда өзүмдүн айылыма 1 айлык практикага чыккам. Окуучуларым өзүмдүн классташтарым болгон. Анткени алар 11-класс эле. Классташ кыздарым аркамдан сүрдөнтүп, ошол кезде жаңы клип тартылган «Эх практикант агай» деген ырды ырдап, тамашалашкандары эсимде. Кийинки жылы кошуна айылдагы мектепке 3 айлык практикага чыктым. Ал жактан дагы 11-класстын окуучу кыздары тийишкен учурлар болду. Бирок мугалимдик этика биринчи орунда турушу керек», - деди мугалим.

Бекзат Каныбеков үй-бүлөдө 6 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2024
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×