Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Ысык-Көл

Жети-өгүздүк аялды зордуктап, күйөөсүн сабады деп шектелген милиционер кармалды

Turmush -  ИИМдин Ысык-Көл облусу боюнча ички иликтөө кызматы зордуктоо жана сабоо фактысын териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Түзүмдүн билдирүүсү боюнча, бүгүн, 10-октябрда Жети-Өгүз РИИБге 1962-жылы туулган Б.Г. (аял киши) кайрылып, «Данияр» аттуу милиция кызматкери аны зодуктаганын билдирген. Ошондой эле, райондук ооруканага анын күйөөсү — 1959-жылы туулган М.К. кайрылган. Арыздануучунун айтымында, күйөөсүнө дагы аталган милиционер жаракат келтирген.

Бул билдирүүнүн негизинде ыкчам тергөө иштери жүрүп, шектүү катары РИИБдин кызматкери — милициянын майору С.Д. мас абалда кармалды.

Топтолгон материалдар Ысык-Көл ОИИБдин тергөө бөлүмүнө берилип, тиешелүү берене менен кылмыш иш козголду. Учурда С.Д. Каракол шаарында убактылуу камакка алынып, тергөө иштери жана кызматтык иликтөө улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9618
Көп окулду
×