Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Дыйкан Н.Токтогонов кант кызылчасын эгип, 1 гектардан 60 тонна түшүм алат (фото)

Turmush -  Сокулук районунун Ново-Павловка айылынын 57 жаштагы тургуну Ниязбек Токтогонов 3 жылдан ашык убакыттан бери кант кызылчасын өстүрүп, 1 гектар жерден 50-60 тонна түшүм алат. Аймактык кабарчы дыйкан менен таанышты.

«2014-жылдан бери дыйканчылык менен алектенип, кант кызылчасын өстүрөм. Кызылча өстүрүүнү TES — Айыл чарба кеңеш берүү борборунун агрономдорунун теориялык окууларына катышып үйрөндүм. Кийин аны практика жүзүндө көрүп, дыйкандарды окутуу иш-чараларын уюштурууга катыша баштадым. Кызылча өстүрүүдө бир катар эрежелерди эске алуу зарыл. Алгач кызылча эгилүүчү жерди күз мезгилинен баштап даярдап жана жерди которуп туруу керек. Кант кызылчасын өстүргөндөн кийин кайра ал жерге арпа, буудай эгүү туура болот. Эгинди эрте күздө чабары менен дискалоо керек. Андан соң жерди жакшылап сугаруу зарыл. 10-15 күн өткөндөн кийин ал жерге отоо чөптөр чыга баштайт. Аларды жок кылуу үчүн дары-дармектер чачылат. Дагы 10-15 күндөн кийин жерге 300-350 кг өлчөмдөгү жер семиркич себилип, жер айдоого даярдалат. Ал эми, жазында жерди тырмап койсо нымдуулукту жоготпогонго жардам берет.

Жер толугу менен даяр болгондон кийин кызылчаны эрте сепкенге аракет кылуу керек. Кызылча айдалган жердеги отоо чөптөрдү тазаланып, эки ирет жер семирткич себилип, убагында сугарылса түшүмү жакшы болот. Чүй, Талас облустарында кант кызылчасы жакшы өстүрүлөт. Ал эми, Ысык-Көл, Нарын облустарында да өстүрсө болот. Бирок жол чыгымы көп болгону үчүн ойдогудай киреше түшпөй калышы мүмкүн», - деди ал.

Анын айтымында, 1 гектар аянттагы кант кызылчасынын түшүмүн жыйноого жалпы 100-120 миң сом акча каражаты сарпталат.

«Болжол менен 1 га жердин түшүмүн жыйноого 100-120 миң сом керектелет. Биз жыйнаган кант кызылчаларды Кайыңды, Кошой заводдор иштетет. Бирок алар жалпы керектөөнү жаба албайт. Мурунку жылдары жыйналган түшүм жалпы керектөөнүн 15-20 пайызын жапса, калганы башка өлкөлөрдөн келчү. Быйыл кант кызылчасы 17 миң гектар жерге айдалды. Бул көрсөткүч жалпы керектөөнүн 50 пайызын жабат.

Өзүм быйыл 10 гектар жерге кант кызылчасын айдадым. Буюрса 70-80 тонна түшүм алам деп күтүп жатам. Бүгүнкү күндө түшүм жыйноо иштери жүрүп жатат», - деди ал.

Н.Токтогонов учурда TES — Айыл чарба кеңеш берүү борборунда эмгектенет. Буга чейин ал Германия эл аралык кызматташтык долбоорунда 5 жыл координатор болуп иштеген. Учурда жубайы экөө 7 баланы тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 437
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×