Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Талас облусу 11.10.2017 08:56

Май айыл аймагында кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди

Turmush -  Манас районунун Май айыл аймагында кичи футбол аятчасы курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Май айыл аймагынын башчысы Кубанычбек Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, футбол аянтчасы дем берүүчү гранттын эсебинен 2 млн 475 миң сомго курулган. Айыл эли өздүк салым катары 75 миң сом чогултуп берсе, 400 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Калган каражатты мамлекет каржылаган.

Аянтча айыл жаштарын сергек жашоого үндөө максатында курулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×