Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 14.10.2017 12:43

Фото — Баткенде үйү өрттөнүп кеткен 5 балалуу жубайлар кыйналууда

Turmush -  Баткен районунун Кара-Бак айылында үйү өрттөнүп кеткен 4 балалуу жубайлар үйүн оңдоп бүтүрө албай кыйналууда.

Үй ээси Жеңишбек Токтобаевдин айтымында, үйү 2016-жылдын 22-декабрында түн ичинде өрттөнгөн. Жубайы Токтобүбү Мусаева 3-топтогу майып. Экөө 4 баланы тарбиялап жатышат жана аялы учурда кош бойлуу. Азыр аялы, бала-чакасы менен бирге 2 бөлмөдө эптеп күн көрүп жатышат.

Жубайлар экөө тең эч жерде иштебейт. Буга чейин айрым банктардын кызматкерлери бир күндүк айлык маяналарын беришкен. Бирок бүгүнкү күнгө чейин үйүн оңдоп алууга каражат жетишпей, кыш жакындаган сайын кыжалат болушууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×