Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 10.10.2017 14:42

Баткен шаарынын борбордук базары кеңейтилүүдө

Turmush -  Баткен шаарынын борбордук базары кеңейтилүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Базар башчысы Турдубай Балтабаев билдиргендей, азык-түлүк саткан сатуучулар баш аламан отуруп алышкан. Базардын ичинде атайын шарты менен жайлар турганына карабай сатуучулар эл өтүүчү жайларга товарларын жайып, жолду тарытып салышкан.

«Базарды тартипке келтирбесек болбойт. Эгер кеңейтпесек, кокусунан өрт чыккан учурда сактана албай калабыз. Ар кандай кырдаалга даяр турушубуз керек. Жол боюнда отуруп алган сатуучулардын ар бирине шарты менен орун жасап бергенбиз, алар түшүнүп орундарын бошотуусу керек», - деди Балтабаев.

Бирок сатуучулар арасында базар ичиндеги орундарга отурушса соода болбой калат деген ой менен түшүнбөстүктөр жаралып, турган жайын бошотпойм дегендер да чыкты. Бул көрүнүшкө шаардык мэриянын да өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, учурда соодагерлер ордуларын алмаштырууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×