Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Баракелде, Бишкек 10.10.2017 14:28

Талапкерди шайлоого 5 күн калганда жарыштан чыгарууга болот, - Ө.Бабановдун кеңешчиси

Turmush -  Президенттикке талапкерди шайлоого чейинки календарлык 5 күндөн кем эмес убакытта жарыштан четтетүүгө болот (10-октябрга чейин). Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев билдирди.

Анын айтымында, БШК талапкерди четтетүү маселесин акыркы күнү — кечээ, 9-октябрда карай алмак.

Ошондой эле, М.Намазалиев кечээ, 9-октябрда УКМК тарабынан кармалган Мелис Аспеков менен Ө.Бабановдун штабынан эч кимдин байланышы жок экендигин белгиледи.

Буга чейин депутат Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иштин алкагында УКМК тарабынан активист Мелис Аспеков кармалгандыгы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×