Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Баткен

Үч-Коргондогу мектепке кошумча курулган имарат колдонууга берилди

Turmush -  Бүгүн, 10-октябрда Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы А.Навои атындагы орто мектебинин жаңы салынган кошумча имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 150 окуучуга ылайыкташтырылган жаңы имарат АРИСтин колдоосу менен 2016-жылы салына баштаган. Курулуш иштерине жалпы 9 млн 188 миң сом жумшалды. Анда 5 класстык бөлмө, 1 мугалимдер бөлмөсү жана ашкана бар. Имарат көмүр менен жылытылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 369
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×