Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Бишкек 10.10.2017 08:51 На русском

Бишкектеги мектептерде 140 миңден ашык окуучу билим алууда

Turmush -  Бишкек шаарындагы мектептерде 141,6 миң окуучу билим алууда. Бул тууралуу кечээ, 9-октябрда КТРКнын эфиринде Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов билдирди.

Маалыматка караганда, бул жылы шаар боюнча 1-класска 16 миң окуучу кабыл алынды. Баш калаада 75 миң окуучуга ылайыкташтырылган мамлекеттик 96 мектеп иштейт.

«Акыркы 5 жылда Бишкекте мектептердин курулушуна татыктуу көңүл бурулган эмес. Өткөн жылдан тарта иштер жүргүзүлө баштады. Эң чоң мектептердин бири — Калыс-Ордодогу мектеп. Ал 960 окуучуга ылайыкташтырылып, бирок учурда 2,2 миң окуучу билим алып жатат. Жалда кытайлык грантка мектеп курулду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×