Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Дональд Трамптын мурунку жубайы Американын Чехиядагы элчиси болуудан баш тартты

Turmush -  АКШнын президентинин мурдагы жубайы Ивана Трамп (Зельничкова) CBS телеканалындагы маегинде Чехиянын элчиси болуудан баш тартканын билдирди.

«Мага өзүмдүн эркиндигим жагат. Мен өзүм каалаган ишти жасаганды, өзүм каалаган жерге барууну жактырам. Менин өзүмдүн жашоо образым бар. Мага кышында Майами, жайында Сан-Тропе жана жазында Нью-Йорк менен коштошуунун эмне кереги бар? Менин идеалдуу жашоом бар», - деди ал.  

Анын айтымында, элчи болуу сунушун анын мурдагы күйөөсү — Дональд Трамп киргизген.  
Мындан тышкары, Дональд Трамп аны менен Twitter түйүнүндө микроблог тейлөөлөрүн колдонуу тууралуу кеңешкенин айтты.

«Менин оюмча сен Twitter баракчасын колдонушуң керек. Бул баарлашуунун жаңы ыкмасы. Эгер сенин айткан сөздөрүң элге туура жетүүсүн кааласаң, анда бул туура ыкма. Анткени, сенин ар бир сөзүңдү The New York Times басылмасы бурмалайт», - деп мурунку жолдошуна кеңеш берди. 

Ивана Зельничкова Чехословакияда төрөлүп, ошол жерде өскөн. Ал 1977-жылдан баштап 1992-жылга чейин Дональд Трамп менен бирге жашады. Алардын үч баласы бар — Дональд Трамп-кенже, Иванка жана Эрик. Учурда Иванка Ак үйдө атасынын кеңешчиси болуп иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 806
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×