Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Финляндиядагы дарыгерлерге кош бойлуу эркек киши кайрылды

Turmush -  Финляндияда дарыгерлерге транссексуал киши кош бойлуулук менен кайрылды, деп жазды Lаnnen Media басылмасы. Ал аял болуп төрөлгөн, бирок кийин жынысын алмаштыруу боюнча операция жасатып, 2016-жылы эркек киши катары документ алган. Андан кийин транссексуал балалуу болууну каалап, жынысты алмаштыргандан кийин атайын өтүүчү гормоналдык терапияны токтоткон. Учурда ал кош бойлуулук жакшы өтүп жаткандыгын билдирүүдө. Бирок ошол эле учурда дарыгерлер колдонгон компьютердик программаларда түйүлдүктү индентификациялоодо көйгөй жаралып жаткандыгын айткан.

Маалыматка караганда, дарыгерлер эркектин идентификациялык номуру менен өнүгүп жаткан кош бойлуулук абалын түшүнө албай жатышат. Транссексуалдуулук маселелери менен алектенген азчылыктын укуктарын коргоочу уюм Seta кызматкерлери эркектин кош бойлуулугу Финляндиядагы алгачкы учур болбошу мүмкүн экендигин божомолдоодо.

«Теориялык жактан карасак, эгер биологиялык аял операциянын жардамы менен жынысын эркектикине алмаштырса, операциядан кийин гормоналдык терапияда тыныгуу жасап жана кош бойлуу боло алат. Мүмкүн буга чейин башка жуптар бул ыкманын жардамын алган», - деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1346
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×