Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Баракелде! 6 жаштагы Нурпери Максим Галкинди кошо бийлетти (видео)

Turmush -  Кыргызстандык 6 жаштагы Нурпери Тургуналиева Россиянын 1-каналындагы «Барынан мыкты!» теледолбоорунда өзгөчө талантын көрсөттү. Долбоордун ал катышкан берүүсү кечээ, 8-октябрда эфирге чыкты.

Нурперинин апасы ал атайын бий ийримдерине барбай эле өзү үйрөнүп алганын жана 2 жашынан бери бий менен алектенип келе жаткандыгын билдирди. Кичинекей бийчи эфир учурунда «Жалын» бийди жана грузия элинин бийин бийлеп берди.

Нурпери телеберүүнүн автору жана алып баруучусу Максим Галкинге боз үй сувенирди белек катары ала барган. Берүүнүн соңунда аны менен бирге бийлеп, атайын медаль менен сыйланды.

Нурперинин түгөйү Айпери дагы эфирге катышып, келечекте прокурор болгусу келе турганын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3734
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×