Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 09.10.2017 12:32

Кыргызстандык мушкерлер дүйнө чемпионатта 3-орунга жазылды

Turmush -  Казакстандын Астана шаарында ММА (аралаш күрөш искусствосу) боюнча 5-дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Анын жыйынтыгы менен кыргызстандык мушкерлер беш медаль утуп, командалык эсепте 3-орунду ээлешти.

Спортчулар куржунга 4 коло, 1 күмүш медаль жыйнаганын Кыргызстандын ММА федерациясынан кабарлашты. Күмүш медалга Туратбек уулу Кубанычбек, коло медалга Азатбек Анарбай уулу, Төлөгөн Рахманберди уулу, Олжобай Кудайберди уулу жана Осмон Абдулазизов ээ болгон.

Жалпы жыйынтык боюнча Россия 1-орунду, Казакстан 2-орунду камсыз кылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×