Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Фото - Т.Жумакадыровдун 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов жерге берилди

Turmush -  Бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров менен бирге жол кырсыгынан каза болгон Нурбек Мукановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Анын сөөгү Кой-Таш айылындагы көрүстөнгө коюлду.  

33 жаштагы Нурбек Мукановдун артында жубайы жана 1 баласы калды.

Т.Жумакадыров Мамлекеттик бажы кызматында айдоочу болуп эмгектенип, кийин Президенттин иш башкармалыгынын гаражына которулган. Акыркы айда Т.Жумакадыровдун айдоочусу болуп эмгектенип жаткан.

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу иш-чарасы  бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаарында өттү. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында уюштурулуп, президент А.Атамбаев баштаган мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, жакындары жана шаардыктар катышты.
Т.Жумакадыровдун денеси Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. 38 жашында көз жумган Т.Жумакадыровдун артында 3 кызы калды.
Вице-премьер-министр Т.Жумакадыровдун жардамчысы — 32 жаштагы Нурлан Жамгырчиев кечээ, 8-октябрда Бишкектин Көк-Жар конушунда акыркы сапарга узатылган.
Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, 7-октябрда эртең менен саат 7:30 чамасында жол кырсыктан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев, айдоочусу Нурбек Муканов каза болгон. Аталган окуя Москва районунун Садовое айылындагы Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун 36-чакырымында болду.

Вице-премьердин унаасы чиркегичи бар «КамАЗга» урунган. Анын кесепетинен 3 адам окуя болгон жерде каза болуп, жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен жардамчысы ооруканага жеткирилген.
Учурда жол кырсык боюнча козголгон кылмыш иш тергелип жатат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 820
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×