Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Ош

Фото - Бишкек–Ош жолунда кайрадан кырсык: Бир үй-бүлөдөн 5 адам көз жумду

Turmush -  Бишкек–Ош жолунун 423-чакырымындагы жол-транспорт кырсыктан 5 адам (2 эркек, 3 аял) каза болду. Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, окуя 8-октябрда саат 11:00 чамасында Кара-Көл шаарынын четиндеги Беке-Чал тилкесинде катталды.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, аталган аймакта жүк ташуучу «Вольво» унаасы менен «Хонда Фит» кагышып, 7 адам жаракат алган. Анын ичинен 3 адам окуя болгон жерде көз жумду. Дагы 2 жабырлануучу ооруканага бара жаткан жолдо үзүлгөн.

Учурда 2 жабырлануучу – Ош шаарынын тургуну М.Тилек (1993-жылы туулган) жана Ноокаттын тургуну Т.Медер (1986-жылы туулган) ооруканада дарыланып жатат.

«Хонда Фит» Күрпсай ГЭСи тарапка жеткенде башкаруусун жоготуп, жүк ташыган унаа менен кагышкандан кийин күйүп кеткен. Чоң унаанын айдоочусу окуядан кийин жеңил унаадан 4 адамды алып чыгууга үлгүргөн. Анын айдоочусу унаага катуу кысылып калгандыктан алып чыга алган эмес.

Turmush басылмасынын кабарчысына Аксыдагы Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Тилеген Керимкулов билдиргендей, каза болгон жарандар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болчу. Алар — Кара-Суу айылынын тургундары, убактылуу Бишкек шаарында жашап жатышкан.

Бишкек шаарында бара жаткан жолдо көз жумган 5 адам бүгүн, 9-октябрда саат 17:00дө айылында жерге берилет.

Каза болгон жарандар:

- 1960-жылы туулган К.Ырыскан — айдоочунун апасы;

- 1980-жылы туулган Н.Каныбек — айдоочу (3 баланын атасы);

- 1989-жылы туулган Н.Замир — айдоочунун иниси (2 баланын атасы);

- 1985-жылы туулган К.Гүлшан — айдоочунун эжеси (2 баланын апасы);

- үй-бүлөнүн келини Н.Чынара.

Учурда тактоо, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 17144
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×