Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Эмне үчүн Атамбаев казак миллиардери Утемуратов жана Бакиев тууралуу айтты?

Turmush -  Бүгүн, 7-октябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде президент Алмазбек Атамбаев: «казакстандык миллиардер Утемуратовго жүгүнүүгө биздин сариевдер, бабановдор жана башкалар барып жатышат» деп билдирди.

«Ошол эле учурда убагында 2009-жылы шайлоого жоопкерчиликтүү болгон адамдар жалаа жаап жатышканын көрүп жатабыз. (2009-жылдын 23-июлунда президенттик шайлоо өтүп, анда К.Бакиев жеңишке жеткен — ред.) Биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов жана өкмөттүн министри, бакиевчи Бакыт Төрөбаев», - деди президент.

Балким, президенттин мындай айтканына кечээ интернетте пайда болгон телефон аркылуу сүйлөшүүнүн 2 аудиожазуусу себеп болгондур. Биринчи аудиожазуудагы үн президенттикке талапкер Темир Сариевдикине, экинчи аудиожазуудагы үн президенттикке талапкерликтен баш тарткан Бакыт Төрөбаевдикине окшош болгон.

Т.Сариевдин штабынан бул сүйлөшүүнүн Кыргызстандын саясатына жана шайлоосуна эч кандай тиешеси жок экенин билдиришти. «Т.Сариев менен Б.Утемуратовдун сүйлөшүүсү жазылган аудиожазуу интернетке качан жана ким аркылуу таратылганы белгисиз. Анын Кыргызстандын саясатына эч кандай тиешеси жок экени көрүнүп турат. Эки тарап сүйлөшүүдө саясатка тиешеси жок, жеке маселелерди талкуулап жатышат. Буга байланыштуу ар кандай ушактарды комментарийлөөнүн кажети жок», - деп билдиришти штабдан.

Өз кезегинде Төрөбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Алмаз Конутаев сүйлөшүүдө Төрөбаев катышып жатканы күмөн экенин айтты. «Бул анын үнү эмес.. Интонация, сөз сүйлөөсү аныкына дал келбейт...», - деди ал.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4141
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×