Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Баракелде

А.Атамбаев В.Путинди туулган күнү менен куттуктады

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев телефондук сүйлөшүүдө Россиянын Президенти Владимир Путинди 65 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Президенти Алмазбек Атамбаевбүгүн, 7-октябрда, телефондук сүйлөшүүдө Россиянын президенти Владимир Путинди 65 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Алмазбек Атамбаев Россиянын президентинин көрөгөчтүгүнүн жана чечкиндүүлүгүнүн аркасында Россия туруктуу өнүгүү жолу менен ишенимдүү кадам шилтеп, кайрадан дүйнөдөгү улуу державалардын арасынан татыктуу орун ээлегендигин, муну Россиянын достору дагы, дос эместери дагы таанып жатышкандыгын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев мындан тышкары Владимир Путин менен түзүлгөн өз ара түшүнүшүү жана ишенимдин бийик деңгээлин өзгөчө бааларын баса белгиледи. Мамлекет башчысы биргелешип иштеген жылдардын аралыгында кыргыз-россиялык стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдөгү жана чыңдоодогу олуттуу жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүн болгондугун канааттануу менен белгилеп, эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн союздаштык мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө жана алдыга жылдырууга ишенимин билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев Владимир Путинге чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалады

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-россиялык мамилелердин актуалдуу маселелерин дагы талкуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1156
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×