Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Кытайда 21 жаштагы кыз телефондон оюн ойной берип сокур болду

Turmush -  Кытайдын Дунгуань шаарындагы 21 жаштагы кыз телефондон тынбай оюн ойной берип, бир көзүнүн көрүүсүнөн ажырады. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы маалымдады.

Кыз өзү ишке барбай турган күндөрү таңкы саат 6:00до туруп, тамактанып алып, саат 16:00го чейин оюн ойной тургандыгын, андан кийин тамактанып алып, кайра түнкү саат 1:00 чамаысна чейин ойной тургандыгын билдирген. Ал буга катар эле ата-энесинин телефонду ойнобоо тууралуу эскертүүлөрүн укпай мындай кеселге кабылгандыгына өкүнгөндүгүн айткан.

Дарыгерлер мындай көзгө көп күч келүүдөн улам мындай сокур болуу көбүнчө карыган адамдарда боло тургандыгын билдиришти. Азыр кызды дарылап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1563
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×