Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Президент: Т.Жумакадыровду келечекте өлкөнү башкарган адамдардын бири катары көрчүмүн

Turmush -  Таза шайлоо өткөрүү үчүн жоопкерчиликтүү болгон Темир Жумакадыров бүгүн Таласка бара жаткан жолдо каза болду, деди президент Алмазбек Атамбаев  7-октябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде.

Президент Т.Жумакадыров Таласка шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн бара жатканда кырсыкка кабылганын белгиледи.

«Ал менин үлгүлүү окуучуларымдын жана тарбиялануучуларымдын бири болчу. Ал болгону 38 жашта эле. Мен аны келечекте өлкөнү башкарган адамдардын бири катары көрчүмүн», - деди президент.

Ошондой эле өлкө башчы: «Ошол эле учурда убагында шайлоого жоопкерчиликтүү болгон адамдар жалаа жаап жатышканын көрүп жатабыз. Өмүрбек Бабанов 2009-жылы вице-премьер-министр болгон», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1844
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×