Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Баракелде

Каза болгон вице-премьер-министр Т.Жумакадыровдун өмүр баяны

Turmush -  Бүгүн, 7-октябрда эртең менен саат 7:30 чамасында жол транспорт кырсыгынан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров көз жумду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, кырсыктан аны менен кошо жардамчысы, айдоочусу да каза болду. Аталган окуя Москва районунун Садовое айылындагы Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун 36-чакырымында болгон. Вице-премьердин унаасы чиркегичи бар «КамАЗга» урунган. Анын кесепетинен 3 адам каза болуп, жүк ташуучу унаанын айдоочусу ооруканага жеткирилди.

Буга чейин Темир Жумакадыров Шайлоолорду өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси болуп дайындалган. Ал шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн Таласка бара жаткан.

Бийлик вице-премьер-министрдин каза болгондугун тастыктады. Анда «Тойота Ландкрузер» менен «КамАЗ» кагышкан. «Тойота Ландкрузердин» ичинде вице-премьер-министр Жумакадыров Т.К., жардамчысы Жамгырчиев Нурлан Эрикович жана айдоочусу болгон.

Темир Жумакадыровдун өмүр баяны.

Аты-жөнү: Жумакадыров Темир Курмангазиевич — Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри.

Туулган жылы: 1979-жыл 4-август

Улуту: кыргыз

Билген тилдери: кыргыз, орус, испан

Билими:

- 1996-жылы Чолпон-Ата шаарындагы Киров атындагы орто мектебин бүтүргөн;

- 2001-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын интеграция институтунун эл аралык байланыштар факультетин аяктаган.
- 1999-жылы Испаниядагы университеттердин бириндеги жайкы мектепте билим алган.

Эмгек жолу:

2001-жылдын июль айынан 2006-жылга чейин БУУнун улуттук ыктыярчысы, жергиликтүү башкаруу боюнча адис, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Нарын облусу боюнча аймактык координатору;

2006-жылдын июль айынан 2007-жылдын май айына чейин TACIS Европалык биримдигинин «КОР — Фаза 2 ишке ашыруу» долбоорунун стратегиялык пландоо боюнча консультанты;

2008-жылдын март айынан 2009-жылдын октябрь айына чейин Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлору боюнча менеджер;

2006-жылдын сентябрь айында Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамилелер факультететинде конфликтология, дипломатия жана геополитика боюнча ага окутуучусу;

2009-жылдын октябрь айынан 2010-жылдын май айына чейин президенттин катчылыгы, эксперттик аналитикалык камсыздоо кызматында эксперт;

2010-2012-жылдары Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети, Эл аралык байланыш жана инвестициялар боюнча департаментинин башчысы.

2011-жылдын май айынан тарта «Адамдык өнүгүүнүн кыргыз-япон борбору» коомдук фондунун директору.

2012-жылдын декабрь айынан тарта «Кеменгер» коомдук уюмунун жетекчиси.

2013-жылдын 15-августунан тарта президент А.Атамбаевдин буйругу менен КРнын Коргонуу кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалган.

2015-жылдын 21-февралынан тарта КРнын Коргонуу кеңешинин катчысы.

2015-жылдын 20-июлунан тарта президент А.Атамбаевдин буйругу менен Президенттин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалган.

2015-жылдын 7-октябрында президент А.Атамбаевдин буйругу менен КРнын Коргонуу кеңешинин катчысы болуп дайындалган.

2017-жылдын 31-мартында президент А.Атамбаевдин буйругу менен КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалган.

2017-жылдын 26-августанда президенттин буйругу менен Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотулуп, КРнын вице-премьер-министри болуп дайындалган.

Үй-бүлөлүү.

33202e4c0370ec4aab05fdccac47d6c3_500_0_0

2016-жылдын 30-августан президент А.Атамбаевдин буйругу менен «Даңк» медалы менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 47945
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
donor
12:30, 07 октября 2017
Соболезнования! Очень, очень жаль. Родным и близким сил перенести такое горе...
Нет аватара
Kendir
12:03, 07 октября 2017
Арты кайрылуу болсун .
Көп окулду
×