Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Баракелде

Фото — Жол кырсыктан вице-премьер-министр Т.Жумакадыров дүйнө салды

Turmush -  Бүгүн, 7-октябрда эртең менен саат 7:30 чамасында жол транспорт кырсыгынан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров көз жумду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, кырсыктан аны менен кошо жардамчысы, айдоочусу да каза болду. Аталган окуя Москва районунун Садовое айылындагы Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун 36-чакырымында болгон. Вице-премьердин унаасы чиркегичи бар «КамАЗга» урунган. Анын кесепетинен 3 адам каза болуп, жүк ташуучу унаанын айдоочусу ооруканага жеткирилди.

Буга чейин Темир Жумакадыров Шайлоолорду өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси болуп дайындалган. Ал шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн Таласка бара жаткан.

Бийлик вице-премьер-министрдин каза болгондугун тастыктады. Анда «Тойота Ланд Крузер» менен «КамАЗ» кагышкан. «Тойота Ланд Крузердин» ичинде вице-премьер-министр Жумакадыров Т.К., жардамчысы Жамгырчиев Нурлан Эрикович жана айдоочусу болгон.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11201
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×