Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, - 7-октябрга карата аба ырайы

Turmush -  Эртең, 7-октябрда түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Тоо этектерде жана тоолордо кар жаашы мүмкүн, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:  

Чүй өрөөнүндө  

түнкүсүн +1...+6
күндүз +11...+16  

Талас өрөөнүндө  

түнкүсүн +1...+6
күндүз +10...+15  

Ош жана Жалал-Абад облустарында  

түнкүсүн +3...+8
күндүз +13...+18  

Баткен облусунда  

түнкүсүн +2...+7
күндүз +12...+17  

Ысык-Көл облусунда  

түнкүсүн +1...+6
күндүз +7...+12  

Нарын облусунда  

түнкүсүн -2...-4
күндүз +7...+12  

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2...+4 градус, күндүз +12...+14 градус болот. Ош шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +6...+8 градус, күндүз +14...+16 градус болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 810
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×