Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Америкада баласын эмдетүүдөн баш тарткан аял камакка алынды

Turmush -  Америкалык аял 9 жаштагы баласын эмдөөдөн өткөрүү боюнча соттун токтомун аткарбаганы үчүн жети күнгө эркинен ажыратылды, деп билдирди «Белгилүү Механика» басылмасы.

Маалым болгондой, Ребекка Бредоу АКШнын Детройт шаарында жашап, эки баланы тарбиялайт. Анын мурунку күйөөсү материалдык жактан жардам берип турат. Сот отурумунда ал юридикалык жоопкерчилик тартууга даяр экенин, бирок анын ишенимдери 9 жаштагы баласын кызамык жана башка кооптуу оорулардын алдын алууга багытталган эмдөөдөн өткөрүүгө жол бербей жаткандыгын билдирген.

91_main_new.1507251147

Сот бир жуманын аралыгында баланы эмдөөдөн өткөрүү тууралуу чечим чыгарган. Бир жума өткөндөн кийин баланын энеси соттун токтомун аткарбагандыгы үчүн жети күнгө камакка алынды.

«Ишенбеген нерсени жасаганча түрмөдө отурганым жакшы. Эмдөө балама зыянын тийгизиши мүмкүн. Мен чындап ушул нерседен корком. Эмдөөгө каршы эмесмин, бирок өзүмдүн үй-бүлөмдүн эмдөөдөн өтүшүнө жол бербейм», - деди ал.

АКШда штаттын мыйзамына жараша эмдөө милдеттүү же милдеттүү эмес болушу мүмкүн. Бредоу жашаган Мичиган штатында балдардын эмдөөсүнөн философиялык, диний жана медициналык себептерден улам баш тартса болот. Бирок ал эмдөөгө каршы философиялык себебин соттун биринчи токтому чыккандан кийин гана билдирген. Ошондуктан ал баласын эмдөөдөн өткөрбөгөнү үчүн эмес соттун буйругун аткарбаганы үчүн камакка алынды.

Америкада эмдөөгө каршы кыймылдар Эндрю Уэйкфилд аттуу физиологдун медициналык журналга жарыялаган макаласынан кийин башталган. Анда балдарды эмдөөдөн өткөрүү аутизм оорусуна алып келе турганы жазылган. Кесиптештери Уэйкфилддин жоромолдорун жокко чыгаргандан кийин, ал дарыгерлик уруксат кагазынан айрылган. Ошентса да балдарды эмдөөдөн өткөрүү коркунучу тургундардын акыл-эсинде сакталып калган.

Эмдөөгө каршы кыймылдар АКШдагы көбүнчө билимсиз жана жакыр адамдардын топторунда белгилүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 679
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×