Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Баракелде

16 жаштагы Кирилл Кистанов теннис боюнча Кыргызстандын абсолюттук чемпиону болду

Turmush -  Кыргызстандын 2017-жылдагы теннис боюнча эркектер арасындагы чемпионатында Кирилл Кистанов эки алтын медалга ээ болуп, чемпиондукту багынтты.

Маалым болгондой, өлкө чемпионаты Бишкекте 29-сентябрда башталып, 4-октябрда жыйынтыкталды. Ага жалпы 32 спортчу катышты.

К.Кистанов алгачкы таймаштарда Максат Калиловду (1/16 финалда) жана Илья Жаманкуловду (1/8 финалда) 2:0 (6-0; 6-0) эсебинде жеңди. Ал чейрек финалдагы оюнда Аман Ысманалиевди 2:0 (6-3; 6-0), ал эми жарым финалда Фархад Урумбаевди 2:1 (0-6; 6-4; 7-6) эсебинде утуп, финалга чыкты. К.Кистанов чечүүчү беттеште Малик Камалов менен ойноп, 2:0 (6-2; 6-0) эсебинде жеңишке жетип, чемпиондук наамды үчүнчү ирет утуп алды.

Ал эми, 3-орун үчүн болгон беттеште Фархад Урумбаев (2:0) Карим Аманходжаевди жеңип, коло медалга ээ болду. Ошондой эле, жуптук турнирде К.Кистанов менен М.Серко алтын медалды багындырды. Ал эми К.Аманходжаев менен Константин Хан күмүш медалга ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 366
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×