Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Грециялык студент Софья Хаджипантели кошулуп турган калың кашы менен сыймыктанат

Turmush -  Грециялык студент жана модель Софья Хаджипантели социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу өзгөчө кашын жарнамалап жатат. Анын чачы жана кашы абдан калың. Ал кашынын өзгөчөлүгүн белгилөө үчүн кара түскө боёт. Софья бири-бирине кошулуп турган кашын өзүндөгү өзгөчөлүк катары көрөт.

«Каштарым бири-бирине бириккен, ошондуктан алар мага жагат. Мен келбетим кандай болсо, ошол бойдон калгым келет. Силер башкалардын макияжы, чачы же дене түзүлүшүн силердикинен айырмаланганы үчүн сындайсыңар», - деди ал.

1

Модель жакында эле кашы менен белгилүү болгон мексикалык сүрөтчү Фрида Калонун образын чагылдырган болчу. Ошондой эле, Софья сүрөтчүнүн чыгармачылыгын жана сырткы келбетин жактырганын жашырган айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 751
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×