Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Сексуалдык активдүүлүк бат картаюуга алып келет (изилдөө)

Turmush -  Бразилиянын Риу-Гранди-ду-Сул университетинин окумуштуулары сексуалдык активдүүлүктүн картаюу процессине тийгизген таасири тууралуу макаланы Biogerontology журналына жарыялашты. Макалада картаюу калыбына келүү жана узак жашоонун ортосундагы компромисс болушу мүмкүн экендиги белгиленген.

Организм алмашуу процесстерине энергия коротот. Калыпка келүүгө канчалык көп күч сарпталса, ткандардын жана органдардын калыбына келүүсү үчүн ошончолук аз энергия калат.

Окумуштуулар эки айлык болгон 80 эркек келемишти изилдешкен. Жаныбарлар төрт топко бөлүнүп, 3, 6, 12 жана 24 ай жашаган. Изилдөө бүткөндөн кийин алар өлтүрүлгөн. Өлтүрүлгөн жаныбарлардын ткандары жана органдары антиоксидандын санына жана стресстин деңгээлине жараша изилденген.

Изилдөөнүн жыйынтыгында көбөйүп жаткан келемиштердин клеткасында кычкылдандыруучу күч келтирүү көп экени аныкталган. Ошондой эле, жаш курактагы сексуалдык активдүүлүк клеткаларга көбүрөөк терс таасирин тийгизгендиги далилденген. Муну менен сексуалдык активдүүлүк жана көбөйүү көп энергияны талап кылгандыктан, кычкылтек радикалдарын чыгарууну күчөтүп, бат картаюуга алып келе турганы аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 954
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×