Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баракелде

АКИ-TV: 17 жылдан бери сахнанын төрүндө: Баш байгелерди бербеген «Назик» бий тобунан жаңы эмгек

Turmush -  Бий өнөрүн даңазалап, Кыргызстандын аймагында, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө 17 жылдан бери талантын тартуулап келген «Назик» бий тобунун бийчилери дайыма изденүүнүн үстүндө.

Учурда бийчилер улуттук бийдин элементтерин өзгөчө ачып берүү максатында «Манас» эпосунан үзүндү менен коштолгон жаңы эмгегин эл алдына алып чыгууга даярдап жатышат. Ал үчүн атайын кийимдер дагы тигилип, даяр болду.

Бийчилер жаңы эмгекти даярдап жаткан учурга АКИпресс агенттигинин кабарчылары Кыргызстандын аймагын биринчи жолу онлайн түрүндө байланыштырган жылдыздуу кечтин алкагында күбө болушту.

Мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктарга, байгелерге татып, көптөгөн сынактардын, фестивалдардын баш байгелерине ээ болгон «Назик» бий тобунун түптөөчүсү жана жетекчиси Назик Исраилова бий дүйнөсүнө аралашканына 17 жыл болду. Талыкпас эмгектин арты менен жеңиштин даамын татып жаткан Назик айым түз эфирдин алкагында бий топ жана бий өнөрү тууралуу айтып берди.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2928
Көп окулду
×