Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Баракелде

Бегимай Карыбекова «Дүйнө сулуусу» сынагында көрсөтө турган Кыргызстан тууралуу видеотасма

Turmush -  «Кыргызстандын сулуусу 2017» наамын жеңип алган Бегимай Карыбекова эл аралык сынакка даярдык көрүп жатат. Чоң масштабдагы «Дүйнө сулуусу 2017» эл аралык сынагы Кытайда октябрь айынын ортосунда башталып, бир айга созулат.

Мекендешибиз бул сынакка карата Кыргызстандын табигый кооздугун даңазалаган видеотасма да тарттырды.

Бегимай эл аралык сынактарда өлкөнүн атын татыктуу алып чыгууга аракет жумшай турганын айтып келет. Буга чейин кыргызстандык модель Miss intercontinental, Top model of the World, Miss Tourism China, Kate Models эл аралык сулуулар сынагына катышкан. Ошондой эле, Бегимай Гонконгдогу, Сингапурдагы жана Тайланддагы дүйнөлүк моделдик агенттиктер менен иштешет.

Нарындын Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында өскөн 18 жаштагы Бегимай Карыбековага «Кыргызстан сулуусу 2017» сынагынын жыйынтыгы менен таажы, «Дүйнө сулуусу 2017» эл аралык сынагына катышуу укугу жана 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылган болчу. Жеңиштен кийин Бегимай менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешкен.

33

Бегимай

31

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2505
Көп окулду
×