Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 27.09.2017 13:12 Жаңыланды: 14.03.2018 12:25

Айыл турмушу: 50 жаштагы мугалим Ы.Шабданова кыздарга заманбап оюнчуктарды жасоону үйрөтөт (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 50 жаштагы мугалими Ыраткүл Шабданова 32 жылдан бери кол эмгектен окуучуларга сабак берип, заманбап оюнчуктарды жасоону үйрөтүп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ы.Шабданова Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын аяктаган.

«Мен өзүм кол өнөрчүлүккө жакын болуп чоңойдум. 1970-жылы Өзгөрүш айылына келин болуп келип, көп өтпөй ошол айылдагы Үсөнбай Акынбеков атындагы орто мектебине кол эмгек мугалими болуп жумушка орноштум. Учурда 5-класстан 8-класска чейинки окуучу кыздарга сабак берип келем. Окуучуларга алгач кыргыздын оймо-чиймелеринин келип чыгышы жөнүндө түшүнүк берип, курактын келип чыгуу жолдорун, заманбап оюнчуктарды жасоо, кийиз менен иштегенди үйрөтөм. Азыркы тапта кийимдерди токуу боюнча иштеп жатабыз. Окуучулар өздөрү кийиз, жиптерди 50 сомдон 200 сомго чейин сатып алып колдонушат.Мага сабак өткөн көп кыйынчылык жаратат. Ар бир окуучуга кездемени туура кармап, бычып, тиккенди үйрөтөм. Кээ бирөөлөрдүн колу эптүү келсе, айрымдар бул ишке такыр кызыкпайт», - деди ал.

Ыраткүл Шабданова 2 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×