Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Эмил Токтогонов Кыргызстандын кулатуу федерациясынын жетекчиси болуп дайындалды

Turmush -  Эмил Токтогонов Кыргызстандын кулатуу федерациясынын жаңы жетекчиси болуп шайланды. Бул тууралуу эл аралык кулатуу федерациясы маалымдады.

Маалым болгондой, ал 23-сентябрда Бишкекте өткөн Кулатуу федерациясынын республикалык конгрессинде бир добуштан колдоого алынып, жетекчи болуп дайындалды. Буга чейин аталган федерациянын жетекчилик кызматын кулатуунун негиздөөчүсүнүн уулу — Семетей Турусбеков аркалап келген. Ал биринчи вице-президент кызматына бекитилди.

«Жакында федерациянын жетекчилигинин жаңы курамын бекитебиз. Ал эми, жылдын аягында өлкө чемпионатын өткөрөбүз. Кулатуу үч бөлүккө бүлүнөт: эр таймаш, түртүшүү жана эр күрөш. Биз эр таймашты жакшы деңгээлге жеткирдик. Эми кулатуунун калган багынттарын өнүктүрүүгө аракет кылабыз», - деди Э.Токтогонов.

Ал Бүткүл дүйнөлүк кулатуу федерациясынын (WEF) вице-президенти жана кулатуу боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп да эмгектенет.

Кыргызстандын кулатуу федерациясы 1984-жылы түзүлүп, 1991-жылы расмий макамга ээ болгон. Ал эми, 2003-жылы Жогорку Кеңештин чечими менен улуттук спорттун 11-түрү болуп кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 482
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×