Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Баракелде

Ашхабаддагы жеңиш: Кыргызстандык балбан кыздардын капчыгында дагы 2 медаль

Turmush -  Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы Азия оюндарынын алкагында 25-сентябрда балбан кыздар арасында 8 комплект медаль ойнотулду. Килем үстүндөгү беттештердин жыйынтыгында кыргызстандык кыздар 1 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту.

Медалдардын бирин  Айсулуу Тыныбекова тагынды. Айсулуу финалда Кытайдын балбаны Пей Сингру менен беттешип, 2 раунддагы жыйынтык — 4:2 жана мекендешибиз күмүш медалдын ээси болду.

А.Тыныбекова 58 кг салмакка чейинкилер арасында күч сынашып, чейрек финалда япониялык Акие Ханаини уткан болчу. Ошондой эле, жарым финалда вьетнамдык Дао Тихуонгду 36 секундда жыгып, таза жеңишти камсыздаган.

Ал эми, 75 кг чейинки балбан кыздар арасындагы коло медалга Айпери Медет кызы ээ болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1516
Көп окулду
×