Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 25.09.2017 23:01 На русском

Видео - Россиядагы долбоордо мыкты бийлеген бишкектик Айданага добуш бериңиз

Turmush -  Бишкектик Айдана Шатемирова Россиядагы телеканалдын «Сен мыктысың! Бий» долбоорунда талантын көрсөтүп, 2-турга өттү. 

Маалым болгондой, долбоор башка бирөөнүн багуусунда болгон балдардын жашоосун жакшы жакка өзгөртүү максатын көздөйт. Кароо-сынактын тандоо туруна 13 мамлекеттин: Россия, Азербайжан, Армения, Беларусь Республикасы, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Молдавия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекистан, Украина жана Абхазиянын жаш бийчилери катышты.

Сынактын катышуучуларынын эң кичүүсү 7 жашта болсо, улуусу 18 жашта. Кастингден өткөндөрдүн арасында 4 эм балдар да бар. Аталган бий сынак бир нече баскычта өтүп жатат.

Айдана Шатемировага бул шилтеме аркылуу добуш берсеңиз болот.

15 жаштагы Айдана Бишкектеги мектеп-интернаттардын биринде тарбияланып, бий менен 4 жылдан бери алектенип келет. Ал жаңы бий кыймылдарын учурашуу үчүн интернатка барган таежесине көрсөтүп турат. Ага өзгөчө бийдин поппинг, хип-хоп жана вакинг түрлөрү жагат. Жаш талант искусствого, живопись, графика, скульптура жана театрга кызыгып, келечекте ушул тармакта эмгектенүүнү каалайт.

Учурда Айдананын апасы чет өлкөдө эмгектенип жаткандыктан кызын интернатка калтырууга аргасыз болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×