Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 25.09.2017 20:03

Фото - Кыргызстандык А.Абдымомунова Тайвандагы сулуулар сынагынан байгесиз кайтты

Turmush -  Кыргызстандык модель Алтынай Абдымомунова эл аралык Global Charity Queen сулуулар сынагында байгелүү орунга ээ болгон жок. Маалым болгондой, сынак Тайванда 23-сентябрь күнү жыйынтыкталды.  

Аталган сынактын жыйынтыгы менен Румыниянын өкүлү жеңүүчү аталды. Ал эми, биринчи вице-мисс Мексиканын сулуусу болсо, экинчиге Франциянын, үчүнчүгө Италиянын, төртүнчү катардагы наамга Аргентинанын сулуусу ээ болду.  

Наамга ээ болгондор:

- «Мыкты улуттук кийим» наамына Никарагуанын өкүлү;

- «Мыкты кече кийими» — Мексиканын өкүлү;

- «Сүрөткө мыкты түшкөн сулуу» — Румыниянын өкүлү;

- «Таланттуу сулуу» — Босния жана Герцеговинанын өкүлү;

- «Достук сулуусу» — Тайланддын өкүлү;

- «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлү байгеси» — Тайвандын өкүлү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×