Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Кыргызстандык балбан кыз М.Момунова Азия оюндарында алыш күрөшү боюнча алтын медаль утту (фото)

Turmush -  Кыргызстандык спортчу Мээрим Момунова Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы Азия оюндарында алыш күрөшү боюнча алтын медалга ээ болду.

Маалым болгондой, ал кечээ, 22-сентябрда 60 кг салмакка чейинкилер арасында күч сынашты. М.Момунова 1/4 финалдын алгачкы кармашында түркмөн спортчусу Зухра Мадраимованы утуп, жарым финалда казакстандык Улжан Дусейбаеваны жеңип алды. Ал эми, финалдык беттеште Түркмөнстандын өкүлү Зарина Абдырахманова менен кармашып, 3:0 эсебинде жеңишти багындырды. Анын байгеси Кыргызстан үчүн үчүнчү алтын медаль болду.

Буга чейин Бекзат Тынчтыкбеков кур менен күрөшүүдө, Абдурахманхаджи Муртазалиев жиу-житсу боюнча алтын медаль алган болчу.

b90271314f0e177781a0370f438624b9_500_0_0

c37d7dbd5d76f80ad5613210fa078eb8_500_0_0

e61d72a58d0295d02d376ae18f6ae85e_500_0_0

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 840
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×