Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Кыргызстандык Антонина Шевченко эрежесиз күрөш боюнча Лондондогу турнирде жеңишке жетти

Turmush -  Кыргызстандык Антонина Шевченко Англиянын Лондон шаарында өткөн эрежесиз күрөш боюнча PHOENIX 3: UK VS THE WORLD турниринде жеңишке ээ болду.

Маалым болгондой, ал 61,2 кг салмактагылар арасында күч сынашып, Улуу Британиянын спортчусу Керри Хаджести утту. Аталган таймаш ММА эрежеси боюнча Антонина Шевченко үчүн экинчи беттеш болду. Ал 2005-жылы Кореяда өткөн турнирде калыстардын бир добуштан кабыл алган чечими менен Хюм Сонг Кимди жеңип алган болчу. Ошондой эле, Антонина Шевченко тай боксунун эрежелери боюнча Phoenix Fighting Championship версиясынын чемпиондук курунун ээси.

Ал эми атаандашы Керри Хаджес алты беттеш өткөрүп, анын үчөөнөн утулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2313
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×