Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баракелде, Дүйнө 22.09.2017 08:39 На русском

Кыргыз тасмасы «Кентавр» «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлдү

Turmush -  Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын «Кентавр» тасмасы Американын кинематографиялык искусство жана илим академиясынын «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу кинематография союзунун жетекчиси Таалайбек Кулмендеев билдирди.  

Маалым болгондой, «Кентавр» тасмасы «Чет тилдеги эң мыкты тасма» наамына Кыргызстандын атынан ат салышат. Аталган тасманын дүйнөлүк бет ачары Берлин эл аралык кинофестивалынын алкагында болуп, ал автордук тасмалардын эл аралык конфедерациясы тарабынан байгеге ээ болгон.

Кыргызстан биринчи жолу бул эл аралык чоң сыйлыкка 2014-жылы «Курманжан датка» тарыхый көркөм тасмасын көрсөткөн. Тарыхый тасма дүйнөдөгү 83 өлкөнүн тасмалары менен катар «Эң мыкты чет тилдеги тасма» номинациясына сунушталган. Бирок сыйлыктын кыска тизмесине кошулган эмес.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

05.12.2014«Курманжан Датка» тасмасы «Оскар» сыйлыгына татыктуулардын ТОП-15 тизмесине кирди
20.12.2014С.Шер-Нияз: «Курманжан Датка» «Оскардын» кыска тизмесине илинбей калды, бирок жыдыбай аракет кылабыз. Кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле!
25.12.2014Ж.Жолдошева «Курманжан Датканын» «Оскардын» тизмесине кирбей калышы тууралуу: Башкысы Орусия империясына каршы турган Кыргызстан деген мамлекет бар экендигин дүйнө билди
29.02.2016Леонардо Ди Каприо биринчи жолу «Оскар» кино сыйлыгын алды (видео)
01.03.2016Видео: Ди Каприо «Оскарды» ресторанда унутуп...
14.11.2016Атактуу Жеки Чан «Оскар» сыйлыгынын ээси болду
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×