Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Баракелде, Бишкек 21.09.2017 13:46

Балдарымдын бардыгы эмдөөдөн өткөн, - муфтий

Turmush -  Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушев жаран катары балдарды эмдөөдөн өткөрүүнү колдойт. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда «Аялдын коомдогу жана исламдагы орду» аттуу семинарда билдирди.

Анын айтымында, 6 баласы тең эмдөөдөн өткөн. Ал муфтият буга чейин балдарды эмдөөдөн өткөрүү керектигин айтканын белгилеп, бирок эмдөөнүн пайдасы жана зыяны тууралуу ар кандай ой-пикирлер бар экендигин айтты.

«Бизге эмдөөнүн натыйжаларына ким жооп берери тууралуу суроолор менен кайрылып жатышат. Анын натыйжаларына Саламаттыкты сактоо министрлиги жооп берет. Учурда бардык адамда интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ал жерде дарыгерлер жана профессорлор далилдерди келтирүү менен эмдөөнүн зыяны тууралуу айтып жатышат. Дарыгерлер бирдиктүү ойго келиши керек. Ошондуктан биз баласын эмдөөдөн өткөрүү ар бир ата-эненин укугу экендигин айтканбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×