Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Кыргызстандык балбан Б.Тынчтыкбеков Азия оюндарында кур менен күрөшүүдөн алтын утту

Turmush -  Кыргызстандык балбан Бекзат Тынчтыкбеков Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы Азия оюндарында алтын медалга ээ болду.

Маалым болгондой, ал кечээ, 20-сентябрда кур менен күрөшүү боюнча 55 кг салмакка чейинкилер арасында күч сынашты. Б.Тынчтыкбеков алгач Пакистандын спортчусу Мухаммад Шахидди утуп, ал эми жарым финалда Түркмөнстандын өкүлү Муратхан Азадовду жеңди. Финалдык беттеште ал дагы бир түркмөн балбаны Сапа Жумаев менен күч сынашып, 7:5 эсебинде жеңишти багындырды. Анын байгеси Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстан үчүн экинчи алтын медаль болду.

Буга чейин Абдурахманхаджи Муртазалиев жиу-житсу боюнча алтын утуп алган. Учурда Кыргызстандын курама командасында 2 алтын, 9 күмүш жана 15 коло медаль бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 627
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×